Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, жаңы катталган 87 учурдун 64ү байланышта болгон адамдардын арасынан аныкталган.
“Өзгөчө Бишкек шаарында инфекциянын учурлары көп катталып жатат. Уюмдарда, ишканаларда коронавируска топ адамдар чалдыгып жатышат. Дагы бир жолу мүмкүн болушунча этият болууга чакырам – антисептиктерди колдонуңуз, маска режимин сактаңыз. Эпидемиологиялык иликтөө көрсөткөндөй, вирусту жуктуруп алгандар коомдук транспортто жүрүшкөн. Ал жакта адамдар беткапсыз, антисептиктерди колдонбой жана социалдык аралыкты сактабай жүрүшөт” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Анын айтымы боюнча, бүгүнкү күндө коомдук транспорт өзгөчө коркунуч туудурат. 64 учурдун ичинен 23ү вирусту кайдан, кимден жуктуруп алганы белгисиз.
Белгилей кетсек, 15-июнга карата Кыргызстанда коронавирустун 2372 учуру аныкталган. Анын ичинен 1813 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. 27 адам илдеттен улам каза тапкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ