Бүгүн, 16-мартта Ош облусунда коронавирус илдети боюнча жалган маалымат тараткан аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда райондук ооруканалардын биринин медайымы М.Н. Whatsapp аркылуу 27-февраль күнү 1980-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну, учурда Россиянын жараны Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу келген адамдан коронавирус илдети табылганын айтып жалган маалымат тараткан.
Бирок Түштүк кореядан учуп келген жаран кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө пунктунан вируска карата текшерүүдөн өтүп, андан эч кандай оорунун белгилери табылган эмес. Кийинки күнү аны медицина кызматкерлери кошумча текшерүүлөр үчүн карантинге алышкан.
Аталган факт милицияда катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ