Бүгүн, 29-январда кыргыз адабияты менен журналистикасы орду толгус жоготууга учурады.
Кечээ эле арабызда жүргөн акын, котормочу, журналист жана жааматташ кесиптешибиз Эрнис Асек уулу (Эшимканов) 50 жаш курагында жүрөгү кармап калып, көз жумду.
Акыркы жарым жылда Эрнис Асек уулу биздин Kyrgyztoday.kg сайтында эмгектенип, ошону менен эле катар орустун улуу жазуучуларынын бири Михаил Булгаковдун “Мастер и Маргарита” романын, япондордун классиги Рюно́скэ Акутага́ванын чыгармалар жыйнагын кыргызчага которуп, китеп кылып чыгаруунун үстүндө чуркап жүргөн.
Жакында эле Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү болуп кабыл алынып, ал кубанычын биз менен бирге бөлүштү эле.
Арабыздан Эрнис өзү кетсе да артында өлбөс-өчпөс эмгектери калды.
Эрнис, жаткан жериң жайлуу болсун, топурагың торко болсун! Калган жашыңды артыңда калган балдарыңа берип, өмүрлүү болушсун.
Эрнисттин бир туугандарына, жары Назира Саалиевага, артында калган балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Kyrgyztoday.kg сайтынын жааматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ