Ашхабад бийлиги түрттүрүлө турган үйлөрдө жашаган кары адамдарга жаңы турак жай бөлүнүп берилбей турганын эскертти.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, шаар бийлиги турак жайлары түрттүрүлө турган кары адамдарга балдарынын үйлөрүнө барууга кеңеш берген. Түрттүрүлө турган имараттар жеке менчик болуп эсептелет.
Кеминде 10 кишиге 50 чарчы метр аянтты жалгыз ээлеп отурганы айтылган. Түркмөнстанда бир кишиге 9 чарчы метр берилет. Бийлик үйсүз калган ата-энелерин багуудан баш тарткандарды сотко берерин эскертүүдө. Түркмөнстан мыйзамдары боюнча балдар ата-энелерин багууга милдеттүү.
Ашхабаддын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эки жана үч кабаттуу үйлөрдү бузуу иштери бир нече жумадан бери уланууда, 30-июлга карата алардын көбү бузулуп бүттү. Бул имараттар 1960-жылдары салынган.
Ошол эле маалда түрттүрүлгөн үй ээлерине жаңы турак жайларды бөлүп бербөө менен бийлик жеке менчик кол тийбестиги жөнүндөгү мыйзамды бузууда.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ