Кыргызстан-Россия тышкы иштер министрлеринин Бишкектеги кеңешмеси аяктады. Бирок, бул расмий сүйлөшүүдө Кыргызстанда Россиянын экинчи бир аскер-аба базасын ачуу тууралуу эч кандай сөз болгон эмес. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттерге берген маалымат жыйынында өзү жарыя айтты.
Анын айтымында, кеңешмеде эки тараптуу кызматташуунун бардык салаалары туралуу сөз жүрүп, ал тургай, Ооганстандагы кырдаал да талкууланган. Ал эми, аскердик-коопсуздук маселелерге келгенде, ОДКБ уюмунун алкагында кызматташууну күчөтүү тууралуу гана кеп болгон.
Булак: Kyrgyz Today
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ