Жол кыйымылынын эрежелерин бузгандар тууралуу маалымдаган жарандарга сыйлык берүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билдирди.
Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүдө ал тууралуу кабарлаган жарандарга сыйлык берүү механизми бар. Ошол эле механизмди жол кыймылынын эрежелеринин бузуулары тууралуу билдирген жарандарга карата колдонуу керек.
Депутат Наталья Никитенко аталган сунуштун маани-маңызы жакшы болгону менен, аны ишке ашыруу механизми оор экендигин белгиледи.
«ИИМдин ЖККББ эреже бузуулар тууралуу маалымдаган жарандарга кайсы каражаттардын эсебинен сыйлык берилиши керек экендигин айтышы керек. Бирок бул жагдайдын экинчи жагы да бар. Элдер кандайдыр бир белгилүү жол тилкелерин бөлүшүп алып, байюу максатында эреже бузууларды кабарлашы мүмкүн», – деди ал.
Өкмөткө аталган сунушту Коопсуз шаар долбоорунун алкагында иштеп чыгуу тапшырылды.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ