Menu

Жээнбеков кыргыз элин миң жылда бир келген кырсык – Атамбаевден сактап калды!

Бөлүшүү:

“Кырк жыл кыян жүрсө да бейажал чымын өлбөйт” деп айтылгандай, бул жарык дүйнөдө бардык окуялар Аллах Тааланын амири менен гана болоору маалым. Андай болбогондо адам пендеси өз билгенин кылып, “өтүгүн төргө илип” алмак. Эл бийлеген падышалар өздөрүн кудай сезип, кол алдындагы карапайым калың журтту каалагандай калчай бермек. Мындай окуялар тарыхта миңдеп саналат.

Муну айтып жатканыбыздын себеби, экс-президент Алмазбек Атамбаевден кийин Сооронбай Жээнбековдун өлкө башына келиши Ыйык Курандын аяттарында белгиленгендей, Муса пайгамбар менен Египет фараондорунун ортосундагы окуяны эске салат. Египеттин төртүнчү Фараону Валид ибн Мусаб да өзүнө чейинки фараон Намруд сыяктуу өзүн кудай сезип жүргөн кезде ага чексиз бийлиги кыйраары тууралуу түшүндө аян берилген. Ошондо ал жаңы төрөлгөн балдардын баарын өлтүрткөн. Аллахтын амири менен Муса пайгамбардын энеси бешиктеги ымыркайын сууга агызып, ал Фараон жашаган жайга агып барган. Аны фараондун аялы бала кылып, багып өстүргөн. Бул окуя узун, аны айтып отуруу максат эмес. Айта турган маселе, фараондун колунда чоңойуп, алардын турмушун ичинен билген, анын өз элине жасаган зуулумдугун, текеберчилигин, адилетсиздигин өз көзү менен көргөн Муса пайгамбар кийин анын кемчиликтерин ачык айтып, ал кудай эмес экенин, оң жолго түшүүгө, өз элине кайрымдуу, мээримдүү болууга үндөгөн. Бирок Фараон өз айтканынан кайтпай, Муса пайгамбардын жана анын элинин артынан сая түшүп, куугунтукка алган жана Аллахтын амири менен ал өз аскерлери менен кыйроого учурап, Кызыл деңизге чөктүрүлгөн.

Ошентип Муса алехисалам Аллахтын буйругу менен өз элин Фараондун зуулумдугунан сактап калды.

Анын сыңарындай эле, С. Жээнбеков да Атамбаевге 20 жылдап жакын дос болуп, анын эки жүздүүлүгүн, өз элине кылган кыянатчылыктарын бүт баарын көрүп, Аллахтын амири менен бийлик башына келип, Атамбаевдин калыптанып калган мафиоздук бийлигине катуу сокку урду. Эгер мындай болбой, президент С. Жээнбеков Атамбаевдин айтканын кылып отура бергенде анын ууру командасы мурдакыдай эле өз билгендерин жасап, Кытайдан миллиарддаган доллар насыяларды алып, аны каалагандай калчап, уурдап, Кыргыз мамлекетинин, элинин келечегине чоң коркунуч жарата бермек. Ушул жагынан алып караганда президент С. Жээнбеков Кыргыз элин чоң балээден аман сактап калды. А. Атамбаевдин оңбогондой арам ойлору ойрон болду. Бул да Аллахтын амири менен болду десек болот. Анткени, А. Атамбаевдин ким экенин, анын кандай карасантай максаттары болгонун Сооронбай Жээнбековдон жакшы билген эч ким болбосо керек. Андыктан, “Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди сатып кетти, Атамбаевди алдаган Жээнбеков элди да алдайт” дегендер оболу А. Атамбаев бийлик жүргүзгөн жылдарга жакшылап саресеп салгыла. Буга чейинки бир да президент Кыргыз элине Атамбаевдей кыянатчылык кылган эмес. Эгер С. Жээнбеков президент болбогондо А. Атамбаевдин жасаган кыңыр иштери ачыкка чыкпай, “жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак”. Биз азыр А. Атамбаевдин кыргыз элине жасаган кыянатчылыктарынын четин гана билдик деп ойлойбуз. Алдыда дагы көптөгөн “төбө чачты тик тургузган” иштери ачылат деп ойлойм. Андыктан Жээнбековду жээригендер желиңерди басып, бир аз сабыр кылып тургула. “Сабырдуу болсоң – озорсуң, сабырсыз болсоң – осолсуң” дегендей кийин осол болуп калбайлы. Алдыда дагы ачыла элек кыңыр иштер көп…

Рустам Айылчиев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: