Menu

Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлоодо калпыстыктар кеттиби?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлап, бекитти. Бирок шайлоо кандай болду? Шайлоо “түшкө чейин Иван, түштөн кийин Имам” болду. Жетеленме парламент эки ирет шайлоо өткөзүп, жең ичинен добуш беришти. Процедураны бузду. Коомчулукка уят болду, шерменде болду. Байкоочу кеңештин баркын көтөрдү, парламенттикин тебеледи же тебелетти. Добуш берүүнүн жыйынтыгында беш талапкердин ичинен Атыркүл Сарыбаеванын талапкерлигине 77 добуш берилип, ал Байкоочу кеңештин мүчөсү болуп шайланды.

Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты:
– Мен Чынара Капаровага добушумду бердим. Бирок жыйынтыгы түшүнүксүз болуп калды. Бул шайлоонун жыйынтыгы биздин аброюбузга бир топ шек келтирди. Негизи процедура бузулганы боюнча маселени депутаттар туура көтөрдү, бирок добуштарды өзгөрткөнү жакшы эмес.

Тазабек Икрамов, ЖКнын депутаты:
– Ал жерде мындай абалдын чыгышы өз учурунда бешинчи талапкерди добушка койбой койгондун себебинен болду. Ошондуктан бешинчи талапкер кайрадан добушка коюлду. Депутаттардын добуштары ар кандай болуп калганынын себеби да ошол. Ал эми экинчи добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө сөз айта албайм, себеби бул депутаттардын добушу, добушун кандай берет алардын укугу.

Карамат Орозова, ЖКнын депутаты:
– КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо Жогорку Кеңештин отурумунда катуу талаш-тартыш менен көп убакытта шайланды. Болгондо да биринчи шайлоонун чечимин жокко чыгарып, кайрадан өткөрүлдү. Бул чечим коомчулукту таң калтырды, себеби биринчи шайлоонун жыйынтыгы боюнча Чынара Капарова бир топ айырма менен алдыда эле. Бирок кийинки шайлоонун жыйынтыгы менен Сарыбаева Атыркүл жеңип чыкты. Мындай чечимдин чыгышы мени таң калтырбайт. Себеби, мындай учурлар болуп эле жүрөт. Мисалы: 2017-жылы “Жөлөк пулдар” жөнүндөгү мыйзамы 118 добуш менен өтүп, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн сунушу менен кайра өзгөртүлгөндө 112 каршы болуп, 4 депутат гана колдогонбуз. Мына бүгүнгө күнгө чейин өзгөртүлгөн мыйзам боюнча калкты жөлөк пул менен камсыз кыла албай жатабыз. Ошон үчүн кээде ушундай чечим кабыл алына берет. Менин оюмча талапкерлер бардыгы эле татыктуу болчу. Чынара Капарова 20 жылдан бери теле тармагында иштеген, иш тажрыйбасы бар кыргыздын кыйын кыздарынын бири. Али жаш, буюрса элине, мекенине кызмат кылууга мүмкүнчүлүгү бар.

Каныбек Иманалиев, ЖКнын депутаты:
– Бул мыйзамды мен жазгам. Ал мыйзамда бардыгы так, даана көрсөтүлгөн. Ким озуп чыкса ошону бекитишибиз керек болчу. Чынар Капарова озуп чыккан эле, чекилик иш болуп кетти.

Алиярбек Абжалиев, ЖКнын депутаты:
– Комитеттин чечими менен бешинчи талапкер келгенде кайра добуш берүү болду. Ушул учурда добуштар өзгөрүп калды. Ошондон улам мындай түшүнбөстүктөр, эки ача ой пикирлер жаралып жатат. Добуш бергенде бир адамга гана добуш беришибиз керек, ким көп добуш алса ошол озуп чыгат деген добуш берүү маселесин башында тактап алыш керек болчу.

Жанар Акаев, ЖКнын депутаты:

– Кайсы бир кызматка баруу үчүн, элге адилеттүүлүккө кызмат кылуу максатың жетишсиз болуп калды. Андан сырткары эң башкы критерий – кошоматчы болуу жана айткан сөздөн чыкпаган жоош-момундук сапат. Мындай тандоону көргөн жаш муун, эркин ойлонсоң, туура сүйлөсөң, акыйкат сөз айтсаң иш жүрбөйт экен, эч бир кызматка жолошуң кыйын экен деген тыянак чыгарды да! Кулчулук мүнөздүн баа-баркы өсүп, туура сөздү айткандар коомдон бөлүнүп, жек көрүндү болуп калаары трагедия эмей эмине. Чынара Капарова туура айтып жатат деп туруп, кайра тааныбаган, белгисиз бир талапкерди шайлап коюшса, коомчулук тургай, ошол жердин ичинде жүргөн биз деле нес бодук.

Гүлмира Шаршеева

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: