Menu

Садыр Жапаров: “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын март айына чейин болот”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын март айына чейин болот. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

“Урматтуу Кыргызстандыктар! Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат.

Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуулар болбосо, (катуу бут тосуулар болуп жатат) баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин олтурбайт.

Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы парламент июнга чейин олтурат экен деп кыжаалат болбогула. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот”, – деп билдирүү жазды Жапаров.

https://www.instagram.com/p/CGrOU2qJxp9/?igshid=u9frnqdz40ux

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: