Menu

КСДП фракциясы КСДПнын Саясый кеңешинин (Атамбаев деп билиңиз) Кожобек Рыспаевди фракциянын катарынан чыгаруу талабын четке какты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-октябрда КР Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясы КСДПнын Саясый кеңешинин депутат Кожобек Рыспаевди фракциянын катарынан чыгарып салуу сунушун четке какты.  Мындай чечимди фракциянын көпчүлүгү – 26 депутаты колдоп, добуш беришти. Бул тууралу фракциянын катчылыгы билдирет.

Эсиңиздерге сала кетсек, 19-августта КСДПнын Саясый Кеңеши депутат Кожобек Рыспаевди партиянын уставына төп келбеген иштери үчүн деп партиянын мүчөлүгүнөн чыгарып салган.  Бирок билермандар бул партиянын лидери Алмаз Атамбаевдин чечими экендигин билдиришкен. Атамбаевге Кожобек Рыспаевдин бир массалык маалымат каражаттарына интервью берип жатып “эгер Бишкек ТЭЦиндеги коррупция боюнча айтылып жаткан айыптар далилденсе мен  КСДПнын катарынан чыгам” деп айтканы жакпай калган. Андан сырткары КСДПнын Саясый кеңеши депутат Кожобек Рыспаевди КСДП фракциясынын катарынан чыгарууну, фракциянын квотасындагы Жер казыналары жана өнөр жай комитетинин төрагасы кызматынан кетирүү сыяктуу  бир нече талаптарды киргизишкен.

КСДП фракциясынын КСДПнын Саясый кеңешинин (Алмаз Атамбаев деп билиңиз) сунушун четке кагышы бул КСДП фракциясы Атамбаевдин көзөмөлүнөн толук чыгып кетти дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле фракциянын лидери Иса Өмүркулов  да Атамбевдин көзөмөлүнөн  четтегенин айгинелейт.

Булак:Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: