Menu

Чүй облусу бүгүн 3 боз үй тигип, 3 боз жылкы союп, губернатор Туйгуналы Абдраимовдун 60 жылдыгын тойлоодо

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-октябрь күнү Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов 60 жашка толду. Мындай чоң датаны Чүй облусунун күжүрмөн эмгекчилери, айыл өкмөттөрү менен акимдери бүгүн “Ысык-Ата” курортунун жака белиндеги Карагайлуу-Булак айылында 3 боз үй тигип, 3 боз жылкы союп, “Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык” тартып, тойлоп жатышат. Туй байке туулган күн өткөрсө жарашат. Төрт президенттин: Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун тең тушунда аттан түшпөгөн аткаминер болду. Элине кызмат кылды. 3 президентти (Акаев, Бакиев, Атамбаев) шайлоодо БШКнын төрагасы катары жакшы кызмат кылып, үчөөсүн тең триумф менен жеңишке жеткирди. Медик катары Атамбаевге “Шизофреник!” деген так жана даана диагноз коюп берди. Акысына Атамбаевден “Манас” орденин тагынды. Доктор Назаралиевди сабады, “көзү ачык” Карыбековду сабады, журналист Сартбаевди сабады. Министр болду, депутат болду, элчи болду, дегеле иштебеген иши калбады. Бир гана президенттик кызматты аркалай элек. Ошондуктан биз Туй байкеге эмки президенттик шайлоодо жеңишти каалайбыз. Эгер Туй байке президент болуп калса 65 жылдыгын 65 боз үй тигип, 65 боз жылкы союп тособуз.

Президент Сооронбай Жээнбеков чиновниктерди той-пойду токтоткула, кафелерде сый тамак ичип жолукканды тыйгыла деп катуу айтып жатты эле, кыязы, Туй байкенин эл алдындагы эмгегин эске алып уруксат берсе керек. Туура кылат, Туй байке той өткөргөнгө татыктуу. Ошондуктан бүгүн Чүй облусунун бүт тыңчыкмалары: акимдери, айыл өкмөттөрү, прокурорлору, ачендиктери, иши кылып, аткаминерлеринин баары конверт көтөрүп, Карагайлуу-Булакта жүрүшөт. Ошондой эле КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, экс-министрлер, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жоон топ кызматкерлери да куттуктап келишиптир. Туй байкенин торколуу тою кут болсун!

Булак:Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: