Menu

Алжир президенти Бутефлика бешинчи мөөнөткө баруудан баш тартты

Бөлүшүү:

Алжирдин президенти шайлоо күнүн жылдырганын жана бешинчи мөөнөткө талапкер катары катышуудан баш тартканын жарыялады.

Бир нече жума мурун Бутефлика президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бул өлкө калкынын нааразычылыгын жаратып, жапырт демонстарцияларга жол ачкан. Бутефликага каршы акцияларга жүз миңдеген кишилер катышкан.

82 жаштагы президент эки апталык дарылануудан кийин, 10-мартта Швейцариядан кайтып келди.

“Эгер менен аман болсом, кызматымды жана президенттик ыйгарым укуктарымды алжир эли шайлаган мураскерге өткөрүп берүүгө милдеттеме алам”, – деди Бутефлика.

Алжирдин карыган президенти өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келе жатат, бирок 2013-жылы инсульт алгандан бери эл алдына көп чыкпай калган.

Бутефлика Алжир өкмөтүндө орун алмаштыруулар болорун жарыялады. Президенттин кайрылуусунан кийин өлкөнүн премьер-министри Ахмед Уяхья отставкага кетти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: