Бишкек шаарындагы фонтандарды оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 14-январь күнү билдирди.
Алардын маалыматында, учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 11 кызматкери Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы фонтандарда пландык текшерүү иштерин жүргүзүп, оңдоп-түзөө иштерин жасоодо.
“Революция баатырлары” жана”Ала-Тоо” аянтындагы фонтандарды оңдоодон өткөн.
“Пландык капиталдык оңдоп-түздөө иштери жай мезгилинде фонтандар үзгүлтүксүз иштөө үчүн жүргүзүлөт. Салтка айлангандай эле Бишкектеги фонтандар май айында иштей баштайт”- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын менчигинде 16 фонтан бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ