“Торугарт” өткөрмө пунктунун чек арачылары жана бажы кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагына аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан жүктү кармашты. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 7-январь күнү “Торугарт” өткөрмө пунктуна Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа чиркегичи менен келген. Унааны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок үй буюмдары табылган. Ташылып келе жаткан жүктүн көлөмү 2 тоннаны түзгөн.
Бардык тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин айдоочу жана жүк ташуучу унаа бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ