Бишкекте Хендай Соната үлгүсүндөгү автоунаанын 27 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай “Космопарк” соода борборунун тосмосун талкалаган. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы бүгүн, 9-март күнү маалымдады.
Алардын айтымында, кырсык таңкы саат 06:40та болгон. Жеңил автоунаа соода борбордун тосмосун жарып, бактарды жана отргучтарды талкалап өтүп, “Космопаркка” кире бериштеги тепкичтерди сүзүп токтогон.
Унаа айып короосуна жеткирилген. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ