Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук жана саясий ишмер: “Президенттин түбүнө Жогорку Кеңеш менен министрлер жетет”

Бөлүшүү:

– Азимбек Анаркулович, Атамбаевди сотко бердиңиздер эле, ал сиздерге 300 миң сом (ар бириңиздерге 100 миң сомдон) төлөп берүү боюнча сот милдеттендирген чечим чыгарды. Сумманы алдыңыздарбы, ошону менен басыласыздарбы?

– Биринчиден, соттун чечими күчүнө кире элек. Ошондуктан, «акча алды-албады» деген суроо коюлушу мүмкүн эмес да. Анткени, биз жак соттун ал чечимине макул эмеспиз. Бүгүн-эртең шаардык сотко апелляциялык даттануу тапшырганы турабыз. Экинчиден, эч кандай акча, 100 миң сом тургай, 100 сом алган жокпуз.

– Юстиция министрлиги «Демилге» топтун референдум боюнча мыйзам долбоорун каттоодон баш тартты. Муну сиздер Конституциялык укук бузуу катары баалап жатасыздар. Кандай болушу керек эле, мыйзам долбоорун юстиция министрлиги каттоого алабы?

– Юстиция министрлиги аман эле болсун. Жарым беттик тексттен жети ката кетирген мамлекетгик мекемеден башка кандай жакшылык күтсөк болот? Кагазды карап отурсаң, механикалык, грамматикалык каталары эле ошондой. А юридикалык, логикалык, укуктук жактан кетирген каталары, бир сөз менен айтканда кишини уялтат. Кыргызча таптакыр түшүнбөгөн орус тилдүү бирөө даярдаса керек да, заключениеси орус тилинде экен. Аты, фамилиясы коюлбаган, колду ким койгону белгисиз документке таянып туруп, каттоого алуудан баш тартып коюшту. Юстиция министрлигинин ушу кылыгы боюнча кат даярдап жатам. Жакында гезиттердин бирине жарыялайм. Биз юстиция министрлигине «кайра оңдоп карагыла!» деген талап менен кайрадан кайрылабыз. Биздин «ондоп кара» дегенге укугубуз бар. Болбосо сотко беребиз. Анткени, бул мыйзамдын өзү, биздин юстиция министрлигине кайрылганыбыз Конституцияга каршы келет. Мыйзам долбоору Жоргорку Кеңешке киргизилиши керек. А булар бизди «юстиция министрлигине киргизгиле» деп кыйнап жатышат. Макул болуп, ага киргизсек, минтип бут тосушууда. Бул атайылап Конституцияны, биздин укугубузду бузуу. Биз «юстиция аркылуу мыйзам долбоорун киргизет» дегендин өзүн жокко чыгарабыз.

– «Жазында саясый чоң бурулуштар болот» деп дарбып жатышкан. Жаз да келди, азырынча саясый аба ырайы туруктуу эле го, же чукул өзгөрүп кетиши ыктымалбы?

– Саясатта эртең эле бир нерсе чыгып кетери бат эле. Азыркы Жогорку Кеңеш, алар дайындаган министрлер азыркыдай башаламан иштеп отурушса, эртең эмне чыгып кетерин бир Кудай билет. Мамлекет болгондо кийин, эл, алардын пикири, суроо-талабы менен эсептешиш керек. Мыйзамдарга болгон жоопкерчиликтүү мамиле болуусу зарыл. Акыркы күндөрү эмне болуп жатат, көрүп атасыңар. Түкүрүк боюнча ызы-чуу басылары менен экс-президенттин кол тийбестигин чече албай, кызыл чеке түштүк. Ушинтип отурсак, мамлекет болгонубуз кайсы?!

– Президенттин абалы чатакпы?

– Ооба, анын абалын Жогорку Кеңеш менен ушул министрлер начарлатып жатат. Президенттин түбүнө ушулар жетет. Ошон үчүн президент өз командасын тезирээк түзүш керектигин дайыма какшап келатам. Бир жылдан ашты, дагы деле Атамбаевдин Жогорку Кеңеши, анын учурундагы КСДП бөлүп алган өкмөт мүчөлөрү отурушат. Эгер президент «жаңы саясат жүргүзөм» десе, арыдан-бери болуп, баарын өзгөртүп, өз командасын алып келиш керек да. «Атамбаев жаман, бирок ал түзүп кеткен команда менен иштей берем» деген – абсурд!

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: