Биздин өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга баам салган киши кызыктай эле атмосферага туш болот. Чынчыл, таза адам күнөөлүү болуп чыгат же тескерисинче куйругунда шакмары шалдыраган адам министр болуп көзүнн жылтыратып отуруп калат. Буга Транспорт жана коммуникация министринин алдындагы жол чарба департаментинин жетекчиси Замирбек Айдаровдун аталган мекемеге министр болуп дайындалышы эң сонун мисал боло алат. Анткени Балык-Корумду жолун куруу боюнча тендер чырынан Темир Сариев өкмөт башчылыктан, Аргынбек Малабаев министрликтен кетти. Бул ишке туздөн-түз тиешеси бар делгендерин бири Айдаров министр болуп келип жатат. Логика деген кайда? Уят да, ээ-эй. Оңолбой калды го… Эң кур деген Айдаровдун абийири ойгонгон жок.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ