Төө-Ашууда 35 см калыңдыкта кар жаады. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек–Ош унаа жолунун 121-128-чакырымдарындагы ашуунун (Төө-Ашуу ашуусу) түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 5-15 см, түштүк тарабындагы 132-137-чакырымдарында 5-35 см түзөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.
Өтмөк–Талас унаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк ашуусу) кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт. Жолдор тайгак, муз тоңгон.
Бишкек–Ош унаа жолунун 198-246–чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон. Кардын орточо бийиктиги 2-10 см түзөт.
Бишкек–Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кардын орточо бийиктиги 2-15 см түзөт.
Каракол–Эңгилчек унаа жолунун 55-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 2-15 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.
Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолунунун Сөөк ашуусу 62-68-чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңгон.
Түп–Кеген унаа жолунун 43-76-чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-12 см түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ