Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желек калыбына келтирилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
“Жумушту пландагандан эртерээк бүтүрдүк”, – деп билдиришти аты аталган мекемеден.
Эскерте кетсек, бүгүн 2-ноябрда эртең мененки саат 07:45те флагштокту ремонттон өткөрүү үчүн алынган. Маалым болгондой желек кайрадан бүгүн кечинде калыбына келтирилет деп кабарланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ