Menu

Тажикстан мобилдик операторлору: мурдагы тарифтер кыска мөөнөттө калыбына келет

Бөлүшүү:

Тажикстан мобилдик операторлору кыска мөөнөттүн ичинде Интернеттин мурдагы баасын калыбына келтирүүгө милдеттеме алышты.

“Тселл” мобилдик оператору 23-апрель күнү кечинде Тажикстан Монополияга каршы кызматынын интернеттин тарифин жогорулатуу боюнча буйругу жокко чыгарылганын маалымдады. Учуда мурдагы бааларды жана кызматтарды калыбына келтирүү боюнча техникалык иштер жүрүүдө.

“Мегафон-Тажикстан” оператору дагы ушундай эле билдирүү таратып, кыска мөөнөттө мурагы тарифтерди ордунда келтирүү боюнча өлкө президентинин тапшырмасын аткарарын маалымдады.

Бирок эки оператор тең интернет мурдагы тарифтер менен кайсы күндөн тарта иштеп баштарын так айткан жок.

Тажик өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы кызмат 4-марттагы буйругу менен өлкөдөгү мобилдик операторлорду 1 Мб интернеттин баасын 5 дирамдан кем кылбоого милдеттендирген. Буга чейин 30-35 сомониден сатылып келген 1 Гб (1024 Мб) интернет 18-апрелден тарта 62 сомониге жогорулаган.

Бул чечим тажик коомчулугун катуу нааразы кылган. 23-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдөгү мобилдик интернеттин баасын көтөрүү тууралуу Монополияга каршы кызматтын буйругун жокко чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: