Menu

Мектептеги акча чогултмайга нааразы ата-энелер чогулду

Бөлүшүү:

Чүйдүн Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектеп директорунун ыксыз акча чогултушуна нааразы болуп, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты. Алардын негизги талабы – ата-энелерден мектеп фондусуна деп чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү.

Өзүн аталган мектепте окуган эки окуучунун атасымын деп тааныштырган Мурат Сатаевдин айтымында, ата-энелер 2-апрелден тарта мектеп жетекчилигинен акча боюнча жооп ала албай келет. «Мектеп директору акчанын кайда кетип жатканын такыр эле айткысы жок. Акчабызды чогулткан фонддун директорун ата-энелер тааныбайт экен, директор өзү эле шайлап алган окшойт. Андан сурасак, «документтердин баары директордо, мен кийин эле келдим» деп качып күрөт. Жергиликтүү органдарга кайрылып, алардан дагы жыйынтык чыкпаганда айласыздан митингге чыгып жатабыз» деди Сатаев.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: