Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарын даярдоо маселелерин талкуулоо үчүн 2019-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок Амитабх Димрини кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда расмий сапардын мазмундуу бөлүгүнө, ошондой эле кыргыз-индия Бизнес-форумун жана текстиль менен кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүн өткөрүүгө өзгөчө басым жасалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ