Menu

Рыскелди Момбеков: “Атамбаев мамлекетти кошоматчылар жана чыккынчылар менен чогуу башкарган”

Бөлүшүү:

6-апрелде борбор калаада А. Атамбаев башында турган КСДП партиясынын курултайы болуп өттү. Ага бар болгону 180 делегат катталган болсо, анын 170и гана катышканын да билдик. Баарынан кызыгы, бул курултай жабык эшик артында өтүп, ММК өкүлдөрү киргизилген жок. Бир гана Атамбаевдин өзүнө таандык “Апрель ТВ” телеканалынын журналисттери катышты.

Ушул курултайга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков курултайга Атамбаевдин бетине ачуу чындыкты айтуу үчүн гана катышканын журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Жан сакчыларыңыздын баары жан бакты болуп чыкты, жардамчыларыңыздын баары жалганчы болуп чыкты. Буга сиз өзүңүз күнөөлүүсүз. Бүгүнкү саясий кырдаалдын туңгуюкка келип такалышына сиздин күнөөңүз бар. Анткени сиз тегерегиңиздеги кошоматчыларга ишенгенсиз» деп айттым. «Сиз «танда» деген кишини тандадык, «шайла» деген кишини шайладык, анан эми сиз «жайла» деген кишини жайлай албайбыз. Бул туура эмес болуп калат, логикага туура келбейт дедим», -дейт Р. Момбеков.

Анан дагы ал Атамбаевге 7-апрель боюнча да сөз айтканын, бул күндү майрам кылганы менен, ал күнү каза болгондорго жана жабыркагандарга статус бербегенин айтканын кошумчалады. “Аларга “Манас” орденин бериш керек болчу, бирок аны ал Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмияновго берди. Чыккынчылык жана кошоматчылык нормалдуу көрүнүш болду. Бакиевди саткандар сизге барышкан. Сизди саткандар жаңы жетекчиликке келди. Сиз бул системаны алты жылда сындыра алган жоксуз”, – дедим дейт ал.

Анын айтымында Атамбаев өзүнүн алты жылдык башкаруусундагы катачылыктарын мойнуна алыптыр, Эгерде ошонусу чын болсо, анда ал кландык башкаруу жүргүзгөнүн мойнуна алган болобу?

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: