Тоң районунун акими Таалайбек Ажиев айылдагы аксакалдар кеңешин, активистерди жана Тоң районунун башкы имамы Таалайбек ажы Акунов менен биргеликте жыйын өткөрүп, анын алкагында терс диний агымдар менен күрөшүү жана алдын алуу, айыл ичиндеги ынтымакты бекемдөө, той-аштарда ысырапкерчиликти токтотуу маселелеринин талкуулашты.
Жыйын алкагында район акими жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлери, айыл аксакалдары биргеликте терс диний агымдар менен иштөө керектигин айтып, ысырапкерчиликти токтотуу керектигин жана бул боюнча атайын комиссия түзүү сунушун билдирди.
Ал эми жыйындын катышуучулары ар бир айыл өкмөтүндө дагы ысырапкерчиликти токтотуу боюнча комиссия түзүү керектигин айтышып, бул жаатта иш алып барууга даяр экендигин билдиришти.
“Албетте, биз жапа-тырмак ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча иш алып барышыбыз керек. Бүгүнкү жыйында атайын комиссиялык топ түзүлүп, анын жетекчиси болуп аксакалдар кеңешинин төрагасы дайындалды. Эми биз биргеликте эл арасында жыйындарды, жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”,- деди райондун башкы имамы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ