Menu

Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө кубогун утту

Бөлүшүү:

Мекендешибиз Дастан Лепшаков 9-мартта Орусиянын Москва шаарында бильярддын «кураштырма пирамида» боюнча дүйнө Кубогу мелдешин жеңип чемпион болду. Оюндун жүрүшүн duplet.news онлайн көрсөттү.

Чечүүчү финалдык беттеште мекендешибиз Дастан атаандашы орусиялык Артем Баловду ишенимдуү түрдө 6:2 эсебинде утуп алды.

Кыргыз бильярдчысы жарым финалда дагы бир орус спортчусу Леонид Швыряевди утуп финалга чыккан. Чейрек финалда Дастан Лепшаков дагы бир кыргызстандык кий чебери Камолиддин Есиддиновго кез келип, аны мелдештен четтеткен.

Плей-офф баскычта болсо, орусиялык үч бильярдчыны жеңген эле. Дастан мелдешти тандап алуу турунан баштаган, анда Азербайжандык спортчу Валеха Бадалов уткан.

Мелдеш 4-мартта башталган. Анда кыргызстандык 12 кий чебери катышкан болчу.

Камолиддин Есиддинов менен Азиз Мадаминов 5-орунду камсыздашты.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: