Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча чыккан чырдын айынан кызматтан кетишкен мурунку өкмөт башчы Темир Сариев менен мурдагы Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев өткөн жумада Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрүнүн астында бири-биринин айыбын чукууга аябай аракет кылышты. Депутаттар кимисине ишенээрин билишпей баштары маң болуп, бул ишти тиешелүү укук коргоо органдары иликтеп, жыйынтык чыгарсын деген менен чектелишти. Бирок Сариевдин отставкага кетишине болгон аракетин жумшаган “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаевди КСДП менен “Ата Мекен” фракцияларынын депутаттары аябай кодулашты. “Мавр өз ишин жасады…” дегендей эле болду. Мындай мамилеге Канаттын учурда ичинен кан өтүп турган кез.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ