Кечээ, 12-февралда Брюссель шаарына жумушчу сапарынын алкагында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Еврокомиссиянын БА, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-чыгыш Азия боюнча бөлүмүнүн Башчысы Р.Йодиче менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар КРдагы ЕБнын долбоордук-программалык иштерине тийиштүү маселелерди, анын ичинде, 2014-2020-жылдарга карата Көп жылдык индикативдик программаны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Министр Ч.Айдарбеков ЕБнын БА боюнча жаңы Стратегиясынын алкагында ЕБнын БАдагы долбоордук-программалык ишмердүүлүгүнүн мазмундуу толукталышынын маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз тарабы региондун транспорттук жана логистикалык инфратүзүмдөрүн, туруктуу энергетиканы, ирригацияны, IT-технологияларын өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоого жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле 2021-2027-жылдарга карата Көп жылдык индикативдик программага жана Регионалдык индикативдик программа кыргыз тарабынын сунуштарын кошуу маселелери талкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ