Menu

Казакстанга кытай жана өзбек жарандарын мыйзамсыз киргизип жүргөн топ кармалды

Бөлүшүү:

Казакстандын аймагына Кытайдын жана Өзбекстандын жарандарын мыйзамсыз киргизүү менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу казак Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

«31-январдагы атайын операциянын жүрүшүндө Шымкент шаарындагы жоопкерчилиги чектелген шериктештиктердин биринин аймагында Кытайдын 73 жана Өзбекстандын 137 жараны кармалды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, кытай жарандары Казакстанга транзиттик аба каттамдары менен келип, өлкө аймагында мыйзамсыз калып калышкан. Учурда аларды өлкөдөн чыгаруу маселеси каралууда.

Болжолдуу түрдө миграциянын мыйзасыз каналын Кытайдын эки жана Казакстандын бир жараны уюштурган. Алар кармалып, учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: