Menu

Видео – Восток Алманбетов, Апрель баатыры: “Эй Рыскелди Момбеков, эмне былжырайсын? Депутаттык мандатыңды тапшыр! Сени менен “жёстоко” сүйлөшөбүз, эсиңе келтиребиз!”

Бөлүшүү:

“Мен, Алманбетов Восток, 7-апрель баатыры, Москва районунун жарадарларынын координаторумун.

Рыскелди Момбеков! Эй Рыскелди!

Эмне деп былжырап жатасың? Мына, мен, мына бутума снайпер менен ок жеп, ден соолугуман айрылып, 2-группадагы инвалидмин. Бутум 7 сантиметрге кыскарган. Эмне болуп келжиреп жатасың? Жанагы бизди аттырган, качып кеткен президенттин оң колу жана сол колу менен олтуруп, мансайып алып арак ичип.

Рыскелди эсиңди ач, көзүңдү ач! Карантин бүтөт, жолугабыз сүйлөшөбүз. Эч аёосуз сүйлөшөбүз! Сенин бир тууганың же бир жериң жаракат алды беле? Билесиңби, балдарынан айрылган, күйөөлөрүнөн айрылган, мекен шейиттеринин жанына барып көрдүң беле? Зыркыраса алардын астында жооп бере албай каласын.

Рыскелди, сен мандатыңды өткөрүп, эртерээк эле, карантин бүтсө кетип калышыңды талап кылам!

Мен сени менен жолугам, жестоко сүйлөшөм! Эки балдагым менен барып сүйлөшөм мен сени менен. Көзүңдү ачып жүр жигит! Мындай бузукулук кылба! Эч качан, эч качан Апрель баатырлары сени соо койбойт. Мына, мага күндө чалып жатышат. Күндө звонок болуп жатат. Саат сайын талкуу болуп жатат. Эсиңе келтиребиз.”

“Айкөл таза коому”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: