Menu

“Көчөдө келет Гүлайым, көрүнөө чылым түтөтүп” 3-класстын окуучулары үчүн китептеги ырдын маңызы талкууга алынды

Бөлүшүү:

Интернеттеги социалдык тармактарда 3-класстын окуучулары үчүн Адеп китебиндеги ырдын маани-маңызы талкууланууда.

Китептеги ырда чылым түтөтүп, киндигине пирсинг тагып, кыска көйнөк кийип жүргөн Гүлайым аттуу кыз тууралуу жазылат. Ошондой эле Гүлайымды кыздар көрүп шылдыңдаганы, маскарапоз көргөндөй ээрчигени тууралуу айтылат. Дал ушул Адеп китебиндеги башка ырда «Терминатор-2» тасмасы жөнүндө жазылган. Эсиңе түй деген бөлүктө «Батыштын жана башка массалык маданияттын бардык эле жактарын кабыл алууга болбойт», «чет элдик моданын бардыгын эле туурай бербе» деген жазуулар бар. Окуучуларды толеранттуулукка үйрөтпөй жатканын айткан интернет колдонуучулары 3-класстын окуучуларын кичинекей кезинен тартып жек көрүүгө үндөп жатат деген негизде Билим берүү министрлигин сынга алышууда.

Мектептеги окуу куралдарындагы каталар тууралуу маселе буга чейин бир нече ирет талкууга алынып, Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн.

Булак: «Мантыш»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: