Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын өткөрбөйт. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
“Биз “маалымат жыйынын уюштурайын деп жатабыз” дегенди Ирина Карамушкина туура эмес түшүнүп алган окшойт. Алмазбек Атамбаев эч кандай жыйын өткөрбөйт”, – деди К. Жолдубаева.
Ошондой эле ал Иса Өмүркуловдун айтуусу боюнча анын Атамбаев менен күзүндө бир нече жолу жолукканы калп экенин айтты.
“Иса Өмүркулов партиянын лидери менен акыркы жолу март айында өткөн жыйында жолуккан. Мындан тышкары ал партиянын жыйындарына чакырылса дагы катышкан эмес. Кечээ дагы келген жок”, – деди К. Жолдубаева.
Эскерте кетсек, бүгүн депутат, КСДПнын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын өткөрөт деп журналисттерге кабарлаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ