Menu

Шыкмаматов калпычыбы?

Бөлүшүү:

Шыкмаматов деген эл депу­татын кимдер гана билбейт? Сүйлөсө андан өткөн акыйкат­чыл адам жоктой, тим эле акый­каттын жарчысындай туюлат. Бирок, Алмамбет Насыркано­вичтин айтканы менен кылга­ны ар качан эле дал келе бер­бейт. Андан ары жагын айтпай­лы, мындан бир жыл мурунку эле анын саясий кадамдарын эске салып көрөлүчү. Мисалы, 2017-жылы болуп өткөн прези­денттик шайлоо учурун. Анда Алмамбет мырза ар дайым са­ясий оппоненти болуп келген Өмүрбек Бабановдун короосуна ачык эле кирип алып, Өмүрбек Токтогуловичтин негизки атаан­дашы болгон Сооронбай Жээн­бековду болушунча «боктоп»,  кедейип Бабановдун алдына түшүп алып анын туусун көтөрүп жүрбөдү беле? Анан да «адамда принцип деген болуш керек» деп койгонучу? Ал эми Ө. Бабанов болсо А. Шыкмаматовдун кожо­юуну Ө. Текебаевдин айныгыс оппоненти экенин кимдер га­на билбейт. А бүгүн болсо кечээ эле өзү жамандап жүргөн азыр­кы президент Жээнбековду ай­га-күңгө теңеп мактап олтурат.

Баса Текебаев демекчи, Өмүр­бек Чиркешовичтин абакка ол­туруп калышы Шыкмаматов үчүн наоборот жакшы эле бол­ду окшойт? Азыр ал Текебаев­дин ордуна парламентте фрак­циянын башчысы болуп, өзүнчө каада күтүп, төрө болуп төрдө олтурат. Андан башка фракция башчыларына тийиштүү привиллегиялары кан­ча. Өткөндө, 15-октябрда Жээнбековдун шайлоодо жеңип чыкканына туура бир жыл болгондо Ак үйдүн алдына «Текебаевге боштон­дук!» деп алты жигит «митин­гге» чыкты. Ооба, болгону алтоо. Ал азаматтар «өзүбүз эле келдик» дегендери менен анын артын­да Шыкмаматов турганын ошо Шыкмаматовдун жанында жүр­гөндөр эле шыбырап жүрүшөт. Ал көрүнүш Текебаевге кадыр алып келмек турсун, кайра анын кадырынын жукалыгын айгине­леп койгонун А. Шыкмаматов өзү сезди болду бекен десең? Не­гизи эле Алмамбет Шыкмаматов оозунан чаң чыгара сүйлөгөнү менен саясат жолунда ушундай «дешевый пиярларга» өтө бай.

Кечээ жакында эле «Полит­мер» маалымат порталы Жогор­ку Кеңештеги фракция башчыла­рынын шайлоочуларына берген убадаларын канчалык деңгээл­де аткарганы туурасында бай­коо жүргүзүп, парламенттеги 5 фракция башчыларынын ичи­нен элге берген убадасын ат­карбаган делген саптын башына Шыкмаматов чыкканын айтып чыгышты. Байкоо жүргүзүүдө майда-чүйдө убадаларын эске албаганда көлөмдүү айтылган 4 убадасынын бирин да аткарбага­нын тизмектеп бериши. Мисалы, ал 2015-жылы парламентке бол­гон шайлоо учурунда кичи меке­ни Жумгалга барып, эл алдында партиясы парламентке өтүп кал­са дыйкан фермерлерге 4 пай­ыздык үстөк менен насыя алып берүүгө жетишээрин, Жумгал жергесиндеги электоратынын социалдык абалын ар дайым эси­не алып, аларга медициналык бекер камсыздоо көрсөтүү сы­яктуу убадаларды бергени, би­рок, ал убадалардын бири да ат­карылбаганы айтылат. Ошондой эле андагы байкоо жүргүзүүдө « Ата Мекен» фракциясынын башчысы Алмамбет Насырка­нович Шыкмаматов «эң эффек­тизсиз лидер-фракция башчысы» деп да аталды.

Эгер андан да тереңирээк ка­расак жалгыз эле Шыкмаматов Алмамбет эмес, «Ата Мекен» партиясындагылар өздөрүн­чө эле «революционер Че Гевара» болушуп ар убак айкырып- кыйкыра бериш­кени менен элдин социал­дык маселелерин чындап чечүүдө эмнени жасап кый­ратышты? Ошондон уламбы, Жогорку Кеңешке болгон шай­лоолордо эптеп-септеп көчтүн соңунда илээшип келип жатка­ны балким ошондондур? Миса­лы, 2010-жылдагы парламент­ке болгон шайлоодо (а балким 2015-жылдагы шайлоодо да) алар керектүү чекти камсыздай албай парламентке өтпөй калды болгонунда, «ээ кокуй, револю­циенер Текебаевдин, тем более Конституциянын негизки авто­рунун партиясы өтпөй калыптыр деген эмнен деген шумдук» де­шип, андагы союздаштарынын ар кандай аракеттери менен Те­кебаевдин партиясы Адахан Ма­думаров башында турган «Бүтүн Кыргызстан» партиясын «аттап өткөртүп», парламентке кирчү «поезддин акыркы вагонуна» эптеп-септеп илингенин элдин далайы билет. Бул «ностальгия» эмес. Тек, өткөн күндөрдү эстеп божураганыбыз. Кимдин-ким экенин коомчулук таразалап алаар деген гана ой.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: