Menu

Акылбек Султанов менен Жалил Атамбаев Ленин РИИБсине кайсы полковникти тапташууда?..

Бөлүшүү:

Жакында баш калаанын «Адриано» кафесинен улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов, Оштон чыккан олигарх Жалил Атамбаев жана Бактыбек Каримов баштаган жоон топ капчыктуулар узун сөздөн кеп салыша тээ кыйлага дейре күүлдөп отурушканы МЕНТтер арасында күбүр-шыбыр боло желдей тарап кетти.

Сөз арасында Бактыбек Каримов опколжуп «мага Чолпон-Ата ШИИББ башчылыгы сунушталды, бирок мен баш тарттым, ал жак эмес, андан көрө Ленин РИИБ жетекчилиги өзүмө куп жарашмак» таризинде күпүлдөгөнү ыраспы? Маңдайында отурган «кызыл шапкечинин» ымандай сырын угушкан берки Акылбек Султанов менен Жалил Атамбаев жөн тура алышпай, чыйпылыктап, «өйдө жак менен жакшыбыз го, «көз ымдашсак» да сени Ленин РИИБине алып келебиз» деп ооз көптүрө сүйлөшкөнү чынбы? Мейли, алып келе беришсин, анысына ичтардык жок. Болгону Ленин РИИБин кыялданып жаткан береги Бактыбек Каримовдун баскан изи тазабы? 2007-жылдары бул жигит баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде иштеп турганда 2 кг салмак чениндеги шектүү затты сатып жаткан жеринен кылтакка илинип, Кылмыш-жаза кодексинин оор беренелери менен камалып, акырында атасынын досу Жаныш Бакиевдин арты менен «суудан кургак чыкканы» жалганбы? 2010-жылдан кийин да бул жигит жөн жүрбөй, көнгөн адаты менен ири өлчөмдөгү шектүү затты пулдоо үчүн алып келгенде кайрадан кылтакка илинип, экинчи ирет да «колдон суурулуп» кутулуп кеткени далилденеби? Биз азырынча ага байланышкан жогорудагы эки факты боюнча бүтүм чыгарбай, болгону суроо гана бердик. Эгерде милициянын чыныгы полковниги болсо, анда жооп бергенге эрки жетээр. А баса, арты шектүү Каримовду түртмөлөп, аркабел болууга белсенишкен Акылбек Султанов менен Жалил Атамбаев эртеңки күнү уят болуп калышпайбы?..

Канжар Борпошов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: