Menu

Депутат Элвира Сурабалдиева Айыл чарба министри Нурбек Мурашовду “Экономика министри Олег Панкратовдон кийин кызматтан кете турган талапкер сизсиз” деп коркутту

Бөлүшүү:
Кечээ 30-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Айыл чарба министри Нурбек Мурашевге субординацияны сактоого кеңеш беришти. Бул тууралуу комитеттин отурумунда депутат Эльвира Сурабалдиева айтты.
Депутат аталган министрлик фермерлерди таза суу менен камсыздоо маселесин чечпей жатат деп билдирди. Бирок, министр андай көйгөй жок экендигин айтты. Нурбек Мурашев менен депутаттын ортосунда кайым айтышуу жаралды. Жыйынтыгында Эльвира Сурабалдиева министрди депутаттар менен кошо айылдарды кыдырып абалды жеринен көрүүгө чакырды.
“Олег Панкратовдон кийин кызматтан кете турган талапкер сизсиз. Сиз палатада дагы ушундай жооп бересиз. Айланадагылардын баары күнөөлүү, жалгыз өзү таза. Биздин байкуш фермерлер кыйналып жатышат”, – деди ал.
Нурбек Мурашев жооп берейин дегенде, депутаттар аны субординацияны сактоого чакырышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: