Алынган маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 75 жабырлануучу денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды.
Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын 46сы укук коргоо органдарынын кызматкерлери.
Кечээ, 5-октябрда бир нече миң адам парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык ирээтинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулган. Жоон топ элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, кулак тундуруучу граната ыргытып, таратууга аракет кылган. Милиция менен кагылышуулар митингчилердин Ак үйдүн имаратына кирип келиши менен жыйынтыкталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ