Menu

2015-жылдын республикалык бюджети 6 527 968,3 миң сом суммасында чыгашалардын кирешелерден ашыкчалыгы менен бекитилүү сунушталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Каржы министри Адылбек Касымалиев 2015-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын 113 899 213,5 миң сом суммасында кирешелер боюнча, 120 427 181,8 миң сом суммасында чыгашалар боюнча атайын каражаттарды, 6 527 968,3 миң сом суммасында чыгашалардын кирешелерден ашыкча экендигин эске алуу менен бекитүүнү сунуштады.

Маалым болгондой, 2015-жылдын бюджети 3 жолу өзгөртүлүп, 103 млрд 752 млн сомдон 116 млрд 477 млн сомго чейин көбөйтүлгөнүн, айрым министрликтер ашыкча, ал эми айрымдары жетишсиз каржыланган.

Капиталдык салымдар дээрлик 6 млрд сомго каржыланбай калганы белгилүү болду. Мамлекеттик инвестициялык программа дагы планда каралгандай аткарылган жок. Башында мамлекеттик инвестиция программасы 41 млрд сомго болжолдонсо, ал кийин 19 млрд сомго аткарылган. 2015-жылдын республикалык бюджетин аткаруу жүрүшүндө 4 млрд 800 млн 930 миӊ сомдук каржы тартибин бузуу аныкталып, 992 млн 779 миӊ сом бюджетке кайтарылган.

Эсептөө палатасы тарабынан укук коргоо органдарына 444 млн сомдук 82 каржы тартибин бузуу жөнүндө материал өткөрүлүп берилген. Анын ичинде 20 материал сот жетип, 10 материал боюнча тергөө токтотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: