Menu

Фото – Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Ч.Айтматовдун элесине арнап Анталья шаарындагы паркка же көчөгө атын ыйгаруу сунушун шаардын мэри колдоду

Бөлүшүү:

15-17-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Анталья провинциясына иш сапары болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында, К.Өмүралиев Анталья шаарында иштеп жаткан кыргыз диаспораларынын мүчөлөрү менен, ошондой эле жарандардын таламын жана укуктарын коргоо максатында Анталья шаарынын аймактык миграция боюнча Башкармалыгынын жетекчиси Гезде Озкорул, Анталья провинциясынын Губернатору Мюнир Каралоглу, Мэри Мюхиттин Божек  менен жолугушууларды өткөрдү.

Жарандар менен болгон жолугушууда, алардын укуктарын коргоо, Кыргызстандын аймагында туруп уруксаатсыз кыргыз жарандарын Түркияга ишке жөнөтүү каналдарын кысуу, адамдарды сатуу маселелери талкууланып, Түркиянын аймагындагы чет элдик жарандардын укуктары тууралуу маалымат китепчелер таратылды жана Анталья шаарынын аймактык миграция боюнча Башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен суроо-жооп уюштурулду.

Элчи К.Өмүралиевдин Анталья провинциясынын Губернатору М.Каралоглу жана Мэри М.Божек менен болгон жолугушууларында, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгын белгилешти. Ошондой эле туризм жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Ошондой эле, Элчи К.Өмүралиевдин эки өлкөнүн маданий жана достук кызматташтыгын өнүктүрүү максатында, Түркиянын аймагында жашап жана иштеп жаткан кыргыз жарандарынын көпчүлүгү Анталья шаарында болгондугуна байланыштуу, улуу кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун элесине арнап Анталья шаарындагы паркка же көчөгө анын атын ыйгаруу сунушун  Анталья шаарынын Мэри колдоп, тараптар бир макулдашууга келишти.

Иш сапардын алкагында, Элчи К.Өмүралиев Анталья аймагынын Губернатору жана шаарынын Мэри, жергиликтүү башкаруу органдарынын Башчыларынын жана  Анкара шаарындагы чет өлкөлүк Элчилеринин катышуусу менен уюштурулган “Жашылча-жемиш” көргөзмөсүнө катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: