Menu

Казакстандын ИИМ башчысы алмашты

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен Ерлан Тургумбаев өлкөнүн ички иштер министри кызматына дайындалды. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрин буга чейин жетектеп келген Калмуханбет Касымов 12-февралда Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган.

57 жаштагы Ерлан Тургумбаев 2012-жылдан бери өлкөнүн ички иштер министринин орун басары кызматын аркалап келген. Ар түрдүү жылдары ал тергөөчү, тергөө башкармалыгынын башчысы кызматтарында иштеген. 2006-жылдан 2012-жылга чейин Алматынын ички иштер департаментин жетектеген.

Казакстанда буга чейин Калмуханбет Касымовду кызматтан кетирүү талаптары байма-бай айтылып келген. Мындай талаптар былтыр жайында Алматыда көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнөн кийин күчөгөн. Казак активисттери анда Касымовдун отставкасынан тышкары ИИМди реформалоону дагы талап кылышкан.

Өткөн жылы октябрда президент Нурсултан Назарбаев ИИМдин ишин сынга алып, бирок Касымовду ордунда калтырган. Анда өлкө башчы министрди «эң тажрыйбалуу полициячы» жана «таза, чынчыл» адам деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: