Menu

Улукбек Марипов: “Бишкек ЖЭБи оӊдоо алкагында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”

Бөлүшүү:

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо алкагында кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 20 млн 300 миӊ өлчөмүндөгү гранттык каражат өз багытында жана натыйжалуу пайдаланылган эмес. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

«Кара-Кече жылуулук-электр станциясынын техникалык-экономикалык негизмемесин иштеп чыгуу үчүн каралган 3 млн доллар иштетилген эмес, мындайча айтканда, аталган документ ушул кезге чейин даярдалган жок. Эки жаӊы мектепти курууга бөлүнгөн 2 млн долларга Бишкек шаарында 1 мектеп курулган. Курулуш баасы өтө жогорулатылганы аныкталды. Трансформаторлорду сатып алууга 9 млн доллар каралса, текшере келгенде, ал 3 млн долларды гана түздү», – деп, ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо алкагында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Андан тышкары, гранттык каражаттын 1 млн долларына кабель, 300 миӊ долларына «Улуттук электр станциялары» жана «Электр станцияларына» эмеректер сатылып алынганы белгилүү болду. Ал эми Бишкек ЖЭБинде иштеген 20 адамды окутуу үчүн 3 млн доллар каражаттын бөлүнүшү да шек жаратпай койбойт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: