Menu

Дамир Сагынбаев экс-мэр Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар пара алганын ачыкка чыгарды…

Бөлүшүү:

7-февралда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңеши тарабынан жүргүзүлгөн иштердин бир жылдык жыйынтыктары тууралуу атайын маалымат жыйынын өткөрүп, коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Аталган жыйын 2018-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жыйынтыктарына арналды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы жыл ичиндеги коррупцияга каршы күрөшүүдө бир топ иштер аткарылганын билдирип, өткөн жылы коррупция фактысы боюнча 288 кылмыш иши козголгонун, ал иштерде кымырылган каражаттын суммасы 6 млрд. 927 миллион сомду түзгөнүн айтты. Сагынбаев коррупция фактысы боюнча чуулгандуу кылмыш иштерин тизмектеп, мамлекетке миллиард сомдук зыян келтирүүлөр менен ири коррупциялык схемалар ачыкталганын, буга ири саясий кызмат адамдары катышканын да кошумчалады.

Коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында 82 чиновникке айып тагылып, 44ү темир торго киргизилгенин белгилеген Коопсуздук кеңешинин катчысы коомчулукта кызуу талкууланып, резонанс жараткан айрым персоналар боюнча кеңири маалымат берди. Маселен, «ишенип берилген мүлктү ыйтарып алуу же жок кылуу» беренеси менен УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, камакка алынган экс-мэр Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алганын ачыкка чыгарды.

—Ибраимовго бир нече кылмыш иши боюнча айып тагылып жатат. «Дастан Инжиниринг» жана «Дастан» компанияларынын келишимине ылайык, атайын жабдуулар кымбат баада 21 миллион 942 миң сомго жеткирилген. Мындан улам Албек Ибраимовго, орун басарына жана башкы бухгалтерине коррупция жана алдамчылык боюнча айып тагылган -деди Сагынбаев.

Коопсуздук кеңешинин катчысы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан чоң «фигуранын» бири, «шопур» деген каймана атка ээ болгон Икрамжан Илмияновдун иши боюнча дагы билдирди. Ага УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иш козголуп, өткөн жылы Орусиядан кармалган. Мурунку бийликтин тушунда Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Икрамжан 150 миң доллар пара алган деп шектелүүдө. Айтылган суммадагы каражатты «шопур» кылмыш ишин токтотууга көмөктөшөм деп чет элдик ишканадан алган.

Бул иштин тарых-таржымалы жөнөкөй. Коопсуздук кеңешинин катчысынын билдирүүсүнө таянсак, чет өлкөлүк ишканалардын биринин жетекчиси Илмияновго 150 миң доллар берген. Андан кийин алардын маселеси чечилип, кылмыш иши токтотулуп, камактагы жүк ташуучу унаалары чыгарылган. Маселе жең ичинен чечилген. Аталган кылмыш иштин алкагында салык төлөмдөрүн алып салган деп Салык кызматынын кызматкерине да айып тагылып, учурда камакка алыныптыр.

Жарандык коом өткөргөн былтыркы курултайда экс-президентти жоопкерчиликке тартуу демилгеси көтөрүлгөн. Коомчулук арасында, социалдык тармактарда дагы бул маселе байма-бай айтылып келет. Андыктан негизги маселенин бири катары журналисттер Коопсуздук кеңешинин катчысына «экс-президент Алмазбек Атамбаев кайсы бир иштер боюнча жоопко тартылышы мүмкүнбү?» деген суроо узатты. Дамир Сагынбаев мыйзам шарт түзгөндө каршы көрсөтмө берилсе кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин ачык билдирди.

—Экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча айтсам, Жогорку Кеңеш экс-президентке тийиштүү мыйзам долбоорун карап жатат. Кабыл алынган мыйзамдын негизинде кол тийбестиги боюнча тийиштүү чечим кабыл алынат. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча, бул жерде маселе кызмат адамдарына байланышкан кылмыш иштин алкагында гана каралат. Эгерде тергөөнүн жүрүшүндө же сотто «ал кайсы бир кылмышка тиешеси бар» деген каршы көрсөтмө берилсе, жоопкерчиликке тартылат – деди Дамир Сагынбаев.

Коопсуздук кеңешинин катчысы чоң чиновник катышкан коррупциялык иштердин дагы бирине токтолуп, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»,«мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «кылмыштуу жол менен табылган ири көлөмдөгү каражатты адалдоо» фактылары боюнча иш козголуп, сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган депутат, мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев боюнча: «Мүлкү камакка алынган. Учурда конфискацияланган 1 миллиард 852 миллион сомдук мүлк мамлекеттин менчигине өттү» – деди.

Эске салсак, Шадиев ушул тапта издөөдө. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинен Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгына бөлүнгөн 2 миллион сомду кымырып алганы боюнча кылмыш иши козголгон. Мүлкү камакка алынып, кийин депутаттык мандаттан ажыратылган. Кылмыш иши козголордон бир күн мурун, Шадиев Исфанага (Баткен облусу) тууганынын тажыясына кетип, ал жактан суу кечип кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан качып кеткен. Ал дипломаттык паспорту менен Кожент-Москва каттамы менен учуп, андан ары Нью-Йоркко чыгып кеткени айтылган.

Мындан тышкары Сагынбаев бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү алдын ала 2018-жылы жүргөнүн, 2019-жылдын январь айында Башкы прокуратура тарабынан документ расмий катталганын, Матраимовдун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта иштеген иниси агасынын мүлкүн текшерип чыгууга бут тосо албастыгын билдирди.

—Анын (Райым Матраимов – ред.) кичүү бир тууганы текшерүү иштерине бут тоспойт. Мен бул иштер Башкы прокуратура менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен биргеликте жасалып жатканын каталап айта кетейин. Матраимов (Исламбек – ред.) учурда эмгек өргүүсүндө. Ал тоскоол болгусу келсе да аны жасай албайт – деди Сагынбаев.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Каныбек Иманалиевди, Кожобек Рыспаевди, Курманбек Дыйканбаевди Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча жоопкерчиликке тартууну сунуш кылып, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууну ратификациялоодо парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун жана жогоруда аты аталган депутаттардын тийиштүү комитеттерди башкарганы үчүн да жоопкерчилиги бар экенин белгилеген. Коопсуздук кеңешинин катчысы Сагынбаев Токтакуновдун билдирүүсү иликтенбей турганын, текшерүү жүргүзүлбөй турганын баса белгиледи. Ал иш боюнча 53 томдук чоң көлөмдөгү далилдер топтолгонун, сот органдары тийиштүү чечимди кабыл аларын кошумчалады.

Коомчулукка маалым болгондой, 386 миллион долларга модернизацияланган ЖЭБ 2018-жылдын 26-январында бузулуп, эл бир жумадай жылуулуксуз калган. Бул авариядан кийин текшерүү жүрүп, каражаттарды максатсыз пайдалануу боюнча кылмыш иштери козголуп, анын алкагында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана башка он чакты аткаминер кармалган. Азыр алар шалаакылык, жемкорлук боюнча коюлган айыптарды моюнга албаганы аз келгенсип, башкаларды ала жатканга аракеттенүүдө.

Корутундулап айтканда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өткөргөн маалымат жыйыны коомчулуктун бүгүнкү суроо-талабына жооп берди, тагыраак айтканда, жалпы журттун мүдөөсүн канааттадыра алды десек болот. Эми ушул калыптан жазбай тер төгүп, жемкорлукка малынгандардын такымына таш толгой берсе деген тилекти билдиргибиз келет. Быйылкы жылы былтыркыдан дагы жогору көтөрүлгөн ири ийгиликке жетишин чын дилден каалайбыз.

Камчы Кадыров
Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: