Menu

Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдумга дагы 120 миллион сом талап кылынат

Бөлүшүү:

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга кошумча 120 миллион сом талап кылынат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, БШК Жогорку Кеңештин тиешелүү чечими кабыл алынары менен жалпы элдик добуш берүүгө даярдык көрө баштайт. Азырынча коомдук талкууга коюлган демилге гана бар.

«БШК бул аткаруучу орган, биз өзүбүз эч нерсени дайындай албайбыз же жокко чыгара албайбыз. Референдумду жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону бир күндө өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө токтолсок, мен мындай деп айтам: 2016-жылы бизде жергиликтүү кеңештердеги үгүт иштери менен бир мезгилде плебисцит өткөрүлгөндө ушундай окуя болгон. Бирок дайындоо жөнүндө буйрук чыккандан кийин гана сметаны бекитип, бюллетендерди даярдай алабыз. Бул менин жеке оюм», – деп кошумчалады Кайрат Осмоналиев.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда президенттин пайдасына жаңы ченемдерди киргизген Конституциянын долбоорун коомдук талкууга 80 депутаттан турган топ сунуштаган. Референдумду президенттик шайлоо менен катар 10-январда өткөрүү сунушталууда, бирок буга чейин эксперттер Конституциянын долбоорун даярдоо жана аны кабыл алуу татаал процедура жана алты айга созулушу мүмкүн деп түшүндүрүшкөн.

Ошол эле учурда, депутаттар аны толук изилдебей туруп, кол коюшканын айтып чыгышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: