2016-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна бир катар жарандарыбыз кыргыз элинин сыймыгы болгон улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына шек келтиргендиги үчүн Мелис Арыпбек аттуу жарандын үстүнөн 1 миллиард сом доо арыз менен кайрылышкан эле. Негедир бүгүнкү күнгө чейин ал арыз боюнча Октябрь райондук соттору тарабынан ак же көк дебестен ишти создуктургандан создуктуруп, акыркы берген жообу силер кандай моралдык чыгым тарттыңар, Чыңгыз Айтматов силерге ким, өндүрүлгөн моралдык чыгымды эмне кыласыңар деген сыяктуу өңгүл-дөңгүл суроолорун берип, иш козгогонго негиз жок дегендей түр көрсөтүүдө. Мына ушундай кыргыз үчүн Чыңгыз ким экендигин билбеген, пайданы көздөгөн соттордун айынан элибизде сотторго ишенбөөчүлүк күндөн-күнгө көбөйүп, ишеним жоголууда. Бул доо арыз боюнча Октябрь райондук сотунун төрагасы Чоткараев Эрнис мырзага кулак кагыш кылып кетели, мүмкүн төраганын патриоттук сезими ойгонуп муз ордунан козголоор. Төмөндө ошол Чыңгыз деп күйгөн, кыргыз деп жүргөн жарандарыбыздын доо арызын келтиребиз.
Доо арыз
Биздин доо арыз берүүбүздүн себеби: кыргыз улутунун жүзү, ар-намысы, кадыр-баркы, сыймыгы, руханий дөөлөтү болгон, кыргызды дүйнөгө тааныткан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөнүнө сегиз жыл болгондо, Арыпбек Мелис аттуу жаран басма сөз аркылуу Ч. Айтматовдун чыгармаларын оозуна келген жаман сөздөр менен каралап, «бүтүндөй бир муун Ч.Айтматовдун чыгармаларынын таасиринен маңкурт болгонун сезбей калган» деп элди кордогон «Унаис» аттуу китеп жазып таратып, ал китебин “Манас жаңырыгы” телеканалынан жарнамалап, «Азия NEWS» газетасына да сандан-санга жарыялап улуттук кенчибизге кол салып, улуттук ар-намыска шек келтирип, улутубузду маңкурт деп кордогону үчүн, кыргыз рухуна жасаган кыянаттыгы үчүн, руханий азыгыбыз, таянычыбыз болгон улуу Чыңгыз Айтматов жазып кеткен чыгармаларга акаарат айтып, жалаа жаап, каралап, улутубузга чыккынчылык кылган китебин жазып таркатып жатканы үчүн, маңкурт деп кордоп элге (бизге) моралдык зыян келтиргени үчүн, 1990-жылкы Ош окуясында Ч.Айтматов айтпаган «алайлык айбандар» деген сөздү айткан деп түндүк-түштүк арасын курчутушка пайдаланганы үчүн кайрылдык.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ