Menu

Тажикстанда экстремизмдеги аялдардын ролу өсүүдө

Бөлүшүү:

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуу үчүн Сирия жана Иракка барган аялдардын көбү  –  күйөөлөрүнө багынгандар. Бирок арасында өз алдынча чечим кабыл алгандары да бар. Бул туурасында БУУнун колдоосу менен жүргүзүлгөн иликтөөдө айтылат.

Иликтөөдө душанбелик аялдын окуясы мисал келтирилген. Ал Сирияга барып, башка аялдарды дагы азгыруу үчүн кайра Тажикстанга келип, бирок 2016-жылы коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган. Дагы бир тажикстандык бийчи аял Сириядагы экстремисттерге кошулгусу келгени үчүн 12 жыл эркинен ажыратылган.

Лондон Королдук колледжинин эксперти Анна Матвееванын айтымында, Жакынкы Чыгышка сапар алган тажик аялдарынын бир бөлүгү жеке жашоодогу көйгөйлөрүн чечүү үчүн ушундай кадамга барышат.

«Сүйүү, өмүрлүк жар, жаңы жашоо издеп сапарга чыгышат. Бирок көбүнесе бөтөн өлкөдө күтүүсүз окуялардын туткуну болуп калышат жана андан чыгуунун жалгыз жолу – экстермисттерге кошулуу деп эсептешет», – дейт Анна Матвеева.

2016-жылы ноябрда Тажикстан ИИМи терроризмге айыпталган кишилердин сүрөтүн жарыялаган, арасында бешөө аял болгон. Алардын бири колуна автомат кармап сүрөткө түшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: