Коомчулукка жаңы эле белгилүү болгондой Кыргызстандын “Кумтөр” алтын кениндеги үлүшү 6%га (7%га бир аз жетпей калат экен – ред.) төмөндөп, 33%дан 26%га түшүптүр.
2003-жылы президент Аскар Акаевдин учурунда Кыргызстандын “Кумтөр” алтын кениндеги үлүшү 67%дан 12%га төмөндөп кеткен. Андан Акаевдин жан-жөкөрлөрү Монголиядан Боро алтын кенин сатып алдык, эми алтынга марыйбыз деп убада кылышкан.
2009-жылы президент Курманбек Бакиевдин учурунда кыргыз тарап Канаданын “Центерра” компаниясы менен кармашып жүрүп, Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшүн 12%дан 33%га көтөргөн болчу.
2017-жылы президент Алмаз Атамбаевдин учурунда Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү 33%дан 26%га түшүп кеткени белгилүү болду. Эми Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү Канаданын “Томпсон” компаниясынын активдерин сатып алдык, эми алтынга марыйбыз деп убада кылып жатышат.
Дагы бир эске сала кетчү факт, 2007-жылы премьер-министр болуп турган Алмаз Атамбаев Канадалыктар менен Кыргызстандын үлүшүн 26%га көтөрүү боюнча келишимдин долбоорун түзүп келгенде Жогорку Кеңеш аз деп өткөрбөй коюп, кийин 2009-жылы Кыргызстандын үлүшүн 33%га көтөргөн келшимди ратификациялаган. Ошондо Атамбаев реванш алып жатабы?
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ