Жангороз мырза Ысык-Көл областынын Түп районуна барып, «Сооронбай Жээнбековду колдоп бергиле, ал менин кудам болот» – дептир ачык эле. Анда түптүктөр түп көтөрүлүшүп, «аксакал ордуңузду билиңиз, биз кимди шайлайбыз ал өз эркибиз, ушундайыңарды качан токтотосуңар, уялбайсыңарбы» – деп кууп жиберишиптир. Кайран кишинин шаабайы сууп, каңырыгы түтөп кетип калган экен. Кудасы болсо болгондур да, аны эмнеге жарыя кылат элге. Азыр баягы заман эмес, жаштар бетке сүйлөгөн демократия болуп калганын Жангороз аксакал билбейби эмне? Ушундайлар жаман көрсөтөт да талапкерлерди. Эми Жангороз Каниметовду жактырбагандар Сооронбай мырзаны да жаман көрүшү мүмкүн. Ашыкча «медвежая услуганын» да кереги жок азыркы учурда.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ