Menu

Казакстандык каратист Гафурова Азия оюндарында алтын медаль утту

Бөлүшүү:

Казакстандык каратэ чебери Гузалия Гафурова Жакартада өтүп жаткан Азия оюндарында 68 кило салмакта алтын медаль утту. Ал финалда кытайлык Тан Линьлинди жеңди. Гафурова ага чейин Өзбекстан, Иран жана Вьетнамдан келген атаандаштары менен күч сынашкан.

Казакстан каратэ чебери 2014-жылдагы Азия оюндарында да чемпион болгон. Инчхондо да Гафурова кытайлык спортчусун жеңген.

Учурда Казакстан алты алтын, сегиз күмүш жана 28 коло медалы менен жалпы командалык эсепте он биринчи орунду ээледи. Казакстанга биринчи алтын медалды фехтования боюнча чебер Дмитрий Алексанин алып келген. Велосипедчи Алексей Луценко эки жолу чемпион болду. 25-августта жиу-житсу боюнча мелдеште казак атлеттери Дархан Нортаев менен Руслан Исраилов алтын медаль тагынышты.

Азия оюндары 2-сентябрда аягына чыгат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: