Эл аралык “Манас” аэропортунан ажыга барчулардын алгачкы тобу кечээ Медина шаарына учуп кетишти. Бишкек шаарынан жөнөп жаткан ажыларды муфтий Максатбек Токтомушев, муфтийдин орун басарлары Жоробай Шергазыев, Замир Ракиев жана Сауд Аравия өлкөсүнүн кыргыз жериндеги элчиси Абдурахман Бин Саид Аль-Жумалар узатышып, алар үчүн жакшы тилектерин айтышты. Муфтий Максатбек Токтомушев ажылык милдеттерин өтөө үчүн жөнөп жаткан мекендештерибизге Сауд Аравиянын мыйзамдарын сактап, ажы башчылардын көрсөтмөлөрү менен жүрүүгө чакырып, эли-журтубуз үчүн ыйык жерден дуба кылууга чакырды. Быйылкы жылы ажыга барчулар 15 каттам менен жөнөтүлөт. Алардын ичинен 3 каттам Бишкек шаарынан болсо, калган 12 каттам Ош шаарынан кетет.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ