Menu

Бакалардын махабатынын жаз мезгилиндеги ышкы ыры

Бөлүшүү:

Айбанаттардын айрым түрлөрү тукумдашуу күрдөөлү башталган чакта башка жыныстагы түгөйүнүн же өнөктөрүнүн көңүлүн өзүнө буруу үчүн түрдүү айла-амалдарга барышат. Эгер капуцин маймылы шериктерине таш ыргытып, бетин тырыштырып, өзүнчө эле чойоңдогон маскарапоз болсо, баштыктуулар тобуна кирген коалдын ургаачысы куут маалында жаңжал чыкпашы үчүн ызылдап, шоокум салат.

Бакалар арасындагы салт боюнча, “махабат мезгилиндеги” өнөк издеген эркек бака ургаачы бакага жагымдуу обон созуп, тим эле кызыктуу чардап берет. Ал эми ургаачы бака эркек бакалардын канчалык жагымдуу ырдаганына карап, өзү кызыктуу жана сымбаттуу деп тапкан эркекти тандап алат.

Бирок да бакалардын Филиппиндин Палаван аралындагы Limnonectes palavanensis деп аталган түркүмүнүн салты жогорудагыдай эмес экенин окумуштуу-герпетологдор жакында аныкташты. Куут маалында береги бакалардын ургаачылары эркек баканы өзүнө тартуу үчүн ашыглык ырын ырдап берет. Кээде бул түркүмдөгү баканын ургаачылары эркек бакаларга тукум улантууга өзүнүн даяр экенин билдирүү үчүн өзгөчө аваз менен добуш салат.

Жыныстык катнаш болгондон кийин ургаачы бакалар жайында калып, уруктарын (икра) багат жана уруктан көнөкбаштар пайда болору менен аларды жакынкы көлмөгө жеткирет. Ошондон кийин көнөкбашты чоңойтуу милдети эркек бакага жүктөлөт.

Limnonectes palavanensis түркүмүндөгү бакалар Филиппинде Палаван жана Калимантан же Борнео аралдарын байырлашат. Анын эркегинин чоңдугу 30 мм болсо, ургаачысы – 40 миллиметрге жакын болот.

Африканын ырчы чымчыктарынын бири – башы көк астрильд (Uraeginthus cyanocephalus) Жупталуу мезгили келгенде жыныстык катнашка баргандан мурда бири-бирине бийлеп да, обон созуп ырдап да берет. Алар бир көз ирмемде буту менен 3,17 жолу секирип бийлегенин Жапониянын Хоккайдо университетинин биологу Масайо Сома (Masayo Soma) жана анын шериктери аныкташкан. Башы көк астрильд чымчыктары Чыгыш Аф-рикада жашап, чоңдугу 7,5 см болот.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: