Топ чапкычтардын майрамы жакындап келатат. Кыргызстандын волейбол оюну боюнча чемпионаты кайрадан жанданып, экинчи туру башталганы турат. 26-март күнү жогорку лиганын “В” тайпасы оюнду баштайт. Ал эми “А” тайпа менен улуттук лига 28-март күнү старт алат. Оюндар Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо болмокчу. Эске сала кетсек, чемпионаттын биринчи турунда улуттук лигадагы командалар арасынан EREM жадыбалдын 1-тепкичинен орун алып, баардык курамдын таш-талканын чыгарган. 2-орунда “Салам-Алик”, 3-орунда “Дархан ОшТУ”. Жогорку лиганын “А” тайпасында 1-орун “Ош-Отор”, 2-орун “Дем”, 3-орун “Бүркүт”. “В” тайпада 1-орун “Аксы”, 2-орун “Бапа Барскоон”, 3-орун “Ош” командалары жайгашкан. Бу жолу кандай болот, күтө туралы.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ