Учурда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунуна ар тараптан кызуу даярдык көрүлүп жаткан кези экендиги жалпыга маалым. Мамлекетибиздин атагын алыска тааныта турган ири масштабдуу иш чарага арналган көрнөк-жарнактар илинип, маалыматтар берилүүдө. Бирок дал ушул көрнөк-жарнактарда кайра эле көйгөй жаралууда. Бул тууралуу КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.
Тактап айтканда, Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө мамлекеттик тилдеги жазуусу жок баннерлер илинүүдө. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы А.Молдоканов: «Бизден башка бир дагы өлкөдө мейманды башка элдин тили менен тоспойт!» деп билдирди.
Ошондой эле, сөз болуп жаткан баннерлер боюнча Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунунун катчылыгына кайрылуу жиберилгендиги маалым болду. Жыйынтыгын чогуу күтөлү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ